Депутат Мамлекеттик тарых музейине Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады

Депутат Жыргалбек Турускулов Мамлекеттик тарых музейине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде өткөргөнү турабыз. Теңир-Тоолук туугандар менен жолукканда Турдакун Усубалиев тууралуу маселе көтөрүлдү. Бишкек шаарындагы Москва же Киев көчөлөрүнө Турдакун Усубалиевдин атын берип койсок жакшы болмок. Анын туугандары мораторийди сыйлайбыз деп макул болушкан жок. Мамлекеттик тарых музейине Усубалиевдин атын ыйгарып берүүнү сунуштайм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
BekAmir
2019-05-02 12:22:17
Татыктуу эмес
+3
bekmaral
2019-05-02 14:17:14
Кыргызстанды Акаевди алып келип ушулар тубуно жетти корунот.Раззаковду да ушул киши кетирген жеткен трайбалист.
+4
kamchatka
2019-05-02 17:40:32
Туура эмес кайсы ХХХХ сунуш кылды
+4
FC-Abdish-ata
2019-05-02 19:23:03
Ушкл
+1
katerina.li
2019-05-02 21:49:55
Башка маселе жок да эээ.
+2
Mister-X
2019-05-03 03:07:22
Ушундай билимсиз адамдар депүтат болуп турганына зээним кейийт.
+2
Take_men
2019-05-03 22:44:13
Эч кандай татыктуу эмес!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан