Депутат өкмөттү уран казуу маселеси боюнча элдин талабын угууга чакырды

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңеште Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

Анда депутат Тазабек Икрамов өкмөттү уран казуу маселеси боюнча элдин талабын угууга чакырды. "Жакында Ысык-Көлдө жайкы сезон башталат. Митингдер, ызы-чуулар болуп турса конокторду кантип күтүп алабыз? Өкмөт тез арада бул боюнча чечим чыгарышы керек. Элдин көйгөйлөрүн уккула", - дейт депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт тарабынан чечим кабыл алынып, Кызыл-Омпол уран кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер толугу менен токтотулганын эскертти. Боронов чечимди Жогорку Кеңеш менен чогуу кабыл алуу керектигин билдирди.

Бишкек шаарында, Ысык-Көл облусунда уран кенин иштетүүгө каршы бир канча нааразычылык акциялар өтүп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tuku
2019-05-02 14:34:13
Жайкы сезонду эмне кыласынар! Уран казылып атса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан