Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг уюштурган "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаевге 3 миң сом айып пул салынганы боюнча маселе көтөрдү.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тынчтык митинг өткөрүү боюнча ар бир адамдын укугу бар экенине токтолду. "Ошол күнү "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Аларга Максим Горький атындагы сейил багында нааразычылык акция өткөрүү сунушталган. Алар соттун чечимине карабастан "Ала-Тоо" аянтында өткөргөн. Бөлөкбаевге 3 миң сом айып пул салынды. Бардыгы мыйзам чегинде болду", - дейт Боронов.
30-апрелде митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, Максим Горький атындагы сейил багында аяктаган. Партиянын өкүлү Динара Кутманова Бөлөкбаевди митинг аяктаган соң Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери кармап кеткенин кабарлаган.