Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов аталган комитеттин позициясын айтты. "Кызыл-Омпол уран кени боюнча биздин позиция - инвесторду колдош керек. Бирок эгер мыйзамсыз иш болсо, анда токтотобуз. Кызыл-Омполдогу уранды алып чыгып кетиш керек", - деди Осмонбетов.
Мындан бир аздан соң депутат Исхак Масалиев: "Осмонбетовдун инвесторду колдош керек деген сөзүн кандай түшүнсө болот?" - деп кайрылды.
Осмонбетов: "Инвесторлорду колдобосок экономиканы кантип көтөрөбүз. Бул сөздү жалпы айттым", - деди.
Масалиев бул жерде жалпы маселе талкууланбаганын эскертти. "Атайын органдын көз карашы ушундай болсо, биз менен пикири бирдей болбой жатат. Абайлап сүйлөш керек", - деди Масалиев.