Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөттүн пикири эки анжы болуп жатканын айтты.
"Жыйындын башында Эмил Осмонбетов, сиз Кызыл-Омпол боюнча уранды иштетүүнү колдошубуз керек деп айттыңыз, туурабы? УКМК уран казууга каршыбыз десе, аталган комитет макулбуз деп жатат. Өкмөттүн пикири эки анжы болуп элдин башын айлантты", - деп депутат Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдон сурады.
Осмонбетов жалпы инвесторлорду колдош керек деп айтканын билдирди. Момбеков Осмонбетовдон Кызыл-Омпол боюнча жеке пикири кандай экенин сурады. Комитеттин төрагасы элдин пикири кандай болсо, аныкы дагы ошондой экенин белгиледи.
Учурда жыйында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.