Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Ысык-Көл облусунда канча уран кенин чалгындоого канча лицензия берилгенин сурады.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов Ысык-Көл облусунда уран кенин чалгындоого жалпы төрт лицензия берилгенин айтты.
"Ысык-Көлдө уран кенин чалгындоого жалпы төрт лицензия берилген. Жети-Өгүз районундагы Сары-Сай аянтчасы, Ак-Суу районундагы Сары-Жаз, Бүркүт аянтчасы жана Кызыл-Омпол", - деди ал.
Учурда жыйында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.