Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко 1990-жылдан бери “Кыргыз өлкөсү туризм мамлекети” деп үгүттөлүп келгенин айтты.
“30 премьер-министрдин биринин убагында дагы Кыргыз өлкөсү калдык сактагыч мамлекети деп айтылганы эсимде жок. Кээ бир депутаттар өкмөт уран маселеси маалымат майданынан утулуп калганын айтып жатат. Бул үчүн өкмөттүн так позициясы болушу керек. Өкмөттүн уран казуу боюнча так пикири болгон эмес”, - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн позициясы бар экенин айтты.
Учурда жыйында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.