Депутат Ирина Карамушкина: "Эгер бийликте каалоо болсо, Райымбек Матраимовду жоопко тартууга негиз табылат"

Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.

SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина төмөнкүдөй жооп берди.

"Райымбек Матраимовдун акча табуудагы ийгилигин жана баюунун сырын билгендигин эске албаганда, аны жакшы жактан сыпатташ кыйын. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү талап кылып жатат, депутаттар дагы коррупция менен күрөшүү керектигин айтып жатышат, бирок өздөрү Матраимовдордун тоюнда жүрүшөт. Депутаттар мындай массалык иш-чарага баруудан баш тартып коюшса болмок.

Матраимовдор бул иш-чара менен өлкөдө таасирдүү күч экенин, бийликтин жогорку кызматтарында өкүлдөрү бар экенин көрсөтүштү. Алардын тоюна катышкандар эми Матраимовдорго байланып калды. Мисалы, эртең биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдон Райымбек Матраимовдун мүлкү жана акчасы тууралуу сурасам, ал так жооп бере албайт эми. Сапар Исаковдун, Албек Ибраимовдун, Кубанычбек Кулматовдунсоттолуп жатканы бул массалык түрдө коррупция менен күрөшүү эмес. Эгер бийликтин каалоосу болсо, Райымбекти жоопко тартууга негиз табылат деп ойлойм. Коррупция менен күрөш адилетсиз жана тегиз эмес жүрүп жатат. Келечекте бийликке жаңы башка күчтөр келсе, ошондо Матраимовдордун тоюнда кол чаап, устукан алгандар, эртең бул тойго барганы үчүн кызарып уялышат", - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Даниел Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан