Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.
SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков төмөнкүдөй жооп берди.
“Бул спорттук иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын, өкмөт башчынын орун басарынын барганын туура эмес деп көрдүм. Алар мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар. Ал эми кесиптештеринин – депутаттардын тилектештик кылып барганы туура эле. Бирок бийлик башындагы, макамы бар, жетекчилик кызматтагы адамдардын барганы – бийликке болгон элдин ишенимине терс таасирин тийгизди. Бийликтин башында отурган адам жөнөкөй иш-чарага барса, ал иш-чаранын макамы көтөрүлөт дагы бийликтин кадыры түшөт. Бул райондук, облустук администрация өткөрүп жаткан иш-чара эмес да, жеке адам атасынын фондуна арнап уюштурган мелдеш. Ага жогорку бийликтегилер баш болуп барганы - чоң кемчилик.
Матраимов мени чакырган жок, чакырса деле бара алмак эмесмин, эл менен жолугушуп жүрдүм. Экинчиден, ал киши менен катышым жок”, - деди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Даниел Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.