Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.
SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.
“Матраимовдун тоюна барган депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү, саясатчылар, олигархтар келечектеги бийлик партиясын түзө турган адамдар болуп эсептелет. Алар ал жерге барып, саясий маселелерди ачык же жашыруун чечкенге аракет кылып жатышат. Бийлик партиясына киргиси келген жана бийлик партиясынын оппозициясы болгусу келгендер барды. Менин оюмча, келечекте парламентте 4 партия болот. Анын 2-3ү бийлик партиясы, бири бийлик өзү тандаган оппозициялык партия болот”, - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, экс-депутат Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Даниел Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.