Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.
SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров төмөнкүдөй жооп берди.
“Депутаттар менен чиновниктер Райымбек Матраимовдун ким экенин бизден да жакшы билишет. Коомчулуктун пикирин, ишенимин, өздөрүнүн жоопкерчилигин билиши керек болчу. Айрымдар “Барса эмне экен, кайда барса өздөрү билсин” деп жатышат. Бул жалпы жонунан туура. Бирок Матраимовдун айланасындагы ызы-чуулар эч нерсе эмеспи?
Матраимовдор мамлекеттик көрүнүктүү ишмерлерби, эмнеге атасына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди коюп алышып баары жүрөгүнө колун тосот? Бул мамлекеттик символду барктабагандык.
Бүгүн Жогорку Кеңеште кворум жок болду, уран маселеси аз эле депутаттын катышуусунда талкууланды. Бул деген шайлоочуларды сыйлабагандык, мунун баарына төрага жооп бериши керек. Андан бир күн мурун эле аймактардан уран кенин казууга каршы болгондор митинг өткөрүштү. Ысык-Көл, Нарындан келген тургундарды бири сыйлаган жок, ошончо жол басып келип, жаанда эл өкүлдөрүнө үнүбүздү жеткирели дегендерге эч ким келип, үнүн уккан жок. Анан жолдун алыстыгына карабай Кара-Сууга топтошуп барганын кандай кабыл алабыз? Жогорку мамлекеттик кызматкердин ишине ылайык келбеген, эл өкүлү деген макамга туура келбей турган көрүнүш болду. Бүгүн парламентке саналуу депутаттар эле келди, бирок эч кимиси "келбей калган күнүмө айлыгымды албай эле коёюн" дебейт.
Мен жарандык активист катары алардын эл менен жолугушууга келбей, тойго баргандыгы үчүн элден кечирим суроосун жана парламентке келбеген ар бир күнүнүн айлыгынан баш тартып, ал акчаны онкологиялык оору менен жабыркагандарга которушун талап кылам”, - деди Токтонасыров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Даниел Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеевдин пикири төмөнкү шилтемеде.