ЭЛДИК КАБАР: "Ошто жарылуудан кийин жабылары айтылган май куюучу жай дале иштеп жатат" дейт окурман

"Ошто жарылуудан кийин жабылары айтылган 2 май куюучу жай дале иштеп жатат. Жашоочулар ал жерди аялдама катары дагы колдонушат". Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман кабарлады.

Дагы бир окурман кат жөнөтүп "сүрөттөгү энени көрсөңүздөр, кооптуулугуна карабай май куюучу жайдын жанында кичи автобус күтүп, балдарын ойнотуп турат" деп билдирди.

20-мартта Ош шаарынын Курманжан датка кичи шаарчасында жайгашкан май куюучу жайда жарылуу болуп, эки адам жабыркаган. Андан кийин шаардагы май куюучу жайлардын талапка жооп бербегендери жабылары айтылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
urmat94
2019-05-03 16:04:33
Бул АЗС жарылган эмес жарылган АЗС иштебей эле турат элдин башын айландырбасанар
-6
Dembele84
2019-05-03 17:02:35
urmat94,Обьязательно жарылганда жабыш керекпи сага?Бул заправка деле уйлорго жакын жерде курулган,мындайларды алдын ала жаап коопсуз жерге жылдыруу керек
+6
urmat94
2019-05-03 18:46:19
Dembele84,мен сага жарылгандан кийин жабылыш керек деген жокмун бул жарылган АЗС эмес деп атам башыны иштетип тушунуп окусан именно ушул АЗС жабылат деп эч ким айткан эмес ушул эки АЗС жабылат деп айтса да бир жон эле
-2
Umakg
2019-05-03 16:26:44
Бул заправка уйго жакынго
+7
aikokul14
2019-05-03 17:26:10
Ооба,бул заправка башка,а бирок элдер үчүн өтө кооптуу,бир нерсе болуп от чыгып кетсе көп адам жабыркайт,сүрөттө жаш балдар колонканын түбүндө ойноп отурушат.
+2
Benazir08
2019-05-03 17:37:12
Чиркин ушул жерден 107ге тушуп уйго кетет элек го
0
Abdizhapar
2019-05-04 00:34:49
Юго востоктогу заправка жарылгандан кийин мэр текшерип ушул заправкаларды жабылат деген
+2
Sala-77
2019-05-04 16:45:27
Заправкалар баары чиновниктердики экен Ош мери байкабай айтып алыптыр сыягы,тиш отподу дечи беле...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан