Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар бала бүгүн, 3-майда ооруканадан чыкканын Балдарды коргоо лигасынан билдиришти.
Маалыматта эне-бала тергөө иши аяктаганга чейин мурда жашаган үйгө барбай турганы жана баланын ден соолугуна кам көрүү менен башка жакта жашап турары айтылат. Ал эми каникул аяктаган соң, апасы баласын өзү менен кошо Орусияга алып кетүүнү пландап жатат.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калган жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.