Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров төмөнкүдөй жооп берди.
Ал буга чейин Текебаев боюнча айтылган сунуштар, ой-пикирлер, жаңы ачылган жагдайлар эске алынбаганы өкүнүчтүү деген пикирде. “Бир топ саясатчылар тарабынан эл аралык деңгээлде Өмүрбек Текебаев тууралуу ойлор айтылган. Жогорку Сот Текебаевдин ишин кайра кароодо адилет чечим чыгарып, жок дегенде жаза мөөнөтүн кыскартып берет деген үмүт болгон. Текебаевге карата чыгарылган өкүмдүн өзгөртүүсүз калтырылганы боюнча депутат катары соттун чечимине кирише албайбыз. Бирок буга чейин айтылган сунуштар, ой-пикирлер, жаңы ачылган жагдайлар эске алынбаганы, албетте, өкүнүчтүү”, - дейт Бакиров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Наталья Никитенко, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.