Депутат Чыныбай Турсунбеков: “Сот Текебаевдин ишин кайра карашы керек деген пикирде болчумун”

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков төмөнкүдөй жооп берди.

"Соттун чечимине комментарий бергеним туура эмес болуп калат. Мен Текебаевдин ишин сот кайра карашы керек деген пикирде болчумун”, - дейт Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Алтынбек Сулайманов, Наталья Никитенко, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан