Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, элдин 60-70 пайызы сотторго ишенбейт. "Эл аралык деңгээлде "Кыргыз Республикасында соттор бийликке көз каранды" деп эсептешет. Мындан улам биз буга таянып айтышыбыз керек: саясатчыларга карата соттордун чечимин биз ишеним жаратпаган, адилетсиз жана саясий чечимдер деп айтсак болот. Соттордун чечимдеринин бардыгы бийликтин чечимине байланышкан, бийликке көз каранды жана саясатташкан чечимдер болуп эсептелинет", - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Наталья Никитенко, экс-депутат Феликс Кулов, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.