Чүй облусундагы Киргшелк айылында "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы орнотулган түркүктү жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 3-майда саат 15:00 чамасында болгон.
"Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү унаасын 61 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал унаа айдап келе жатып өзүн жаман сезип, жолдон чыгып камера орнотулган түркүктү сүзгөн. Ал эми бетон түркүк түбүнөн сынып, жерге кулап түшкөн.
Окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы айдоочу спирт ичимдигин ичпегенин аныктаган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды", - дешти облустук бөлүмдөн.
Буга чейин Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан камера атып сындырылган.