Абдыганы Эркебаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев шайланды. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

"3-майда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 9-кезексиз курултайы болду. Анда 55 кишиден турган ассамблеянын кеңеши Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады", - дейт Мамытов.

Буга чейин аталган кызматты акыйкатчы Токон Мамытов ээлеп келген. Ал акыйкатчы болуп дайындалган соң, өз арызы менен ассамблеянын төрагалыгынан кеткен.

Абдыганы Эркебаев 1953-жылы 1-сентябрда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында туулган.

1975-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1976-жылдан тартып Москвадагы М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабияттар институтунун стажёру, аспиранты;
1982-1988-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) орус жана чет өлкөлүк адабияттар кафедрасынын улук окутуучусу;
1982-1990-жылдары В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун ага окутуучусу, «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орун басары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору кызматтарында иштеген.
1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
1991-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору;
1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы;
2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, кийинчерээк Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору;
2006-2010-жылдары Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин профессору;
2010-жылы Убактылуу өкмѳттүн мүчөсү;
2012-2017-жылдары Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын башчысы болуп иштеген.
Абдыганы Эркебаев 10 китептин жана адабият, искусство жана саясат боюнча 200дөн ашык макалалардын, рецензиялардын автору. 1980-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан