4-6-майда республиканын айрым аймактарында абанын температурасы -3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдады.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу Талас облусунун айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарында абанын температурасы -1...-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүктүн, алчанын жана кулпунайдын ачылган гүлдөрүнө зыян алып келиши мүмкүн.