Кадамжай районунда кооптуу аймакта жашаган 12 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар аймакта жашаган тургундар коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай районундагы Чаувай айыл аймагынын Ясная тилкесиндеги 29 турак үйгө жер көчкү түшүү коркунучу жаралган. Мындан улам ӨКМнын Баткен облустук башкармалыгынан 11-апрель күнү 15 даана 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилген. Бүгүн, 4-майда тигилген чатырларга 12 үй-бүлө көчүрүлгөн. Ал эми калган 17 үй-бүлөнү жакынкы арада көчүрүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан