Комузчу Омор Улукманов 62 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Комузчу, Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин директору Омор Улукманов бүгүн, 5-майда каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-майда болот", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Омор Улукманов 1957-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында төрөлгөн. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Ат-Башыдагы маданият үйүндө эмгектенген. Кийинчерээк, Нарын шаарына келип, искусство мектебинин жетекчиси болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келген.