Кармалды делген чиновник: "Эч кандай кылмыш ишинин фигуранты эмесмин"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев анын кармалганы боюнча тарап жаткан маалыматтар тууралуу SUPER.KG порталына өзүнүн пикирин билдирди.

"Мен кармалган да, суракка да чакырылган жокмун. Эч кандай кылмыш ишинин фигуранты да эмесмин. Мени кармашты деген бул жалган маалымат. Оюмча, мен тууралуу мындай провокациялык маалыматтарды таратуу - бул санариптешүүгө тоскоолдук аракети", - деди Шаршембиев.

Кечээ, 5-майда интернеттеги социалдык тармактарда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кармалганы боюнча маалыматтар тарап жаткан.

Апрель айында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча айыпталып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Бакыт Шаршембиев 2016-жылдан тарта Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектейт. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду өзүн "8 кылмыш иши боюнча фигурант" деп ар намысына шек келтирип жана моралдык зыян келтиргени үчүн 1 миллион сом төлөп беришин талап кылып сотко кайрыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан