Депутат Суу кодексинин нормаларынын ишке ашуусун көзөмөлдөөчү өзүнчө орган түзүү керектигин айтты

Өлкө аймагында Суу кодексинин нормаларынын ишке ашуусун көзөмөлдөөчү орган керек. Мындай пикирин бүгүн, 6-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.

"Кыргыз Республикасында жаңы Суу кодекси кабыл алынгандан кийин бул боюнча атайын администрация түзүлүшү керек. Өлкө аймагында Суу кодексинин нормаларынын ишке ашырылуусун көзөмөлдөөчү орган керектелет. Бүгүнкү күндө бул милдеттерди Суу чарба жана мелиорация департаменти аткарууда, бирок муну өзүнчө орган көзөмөлдөөгө тийиш. Буга чейин бул маселе эки жолу көтөрүлгөн жана учурда эки жол-жобо каралууда. Өлкө аймагында суу ресурстарын колдонууну көзөмөлдөөчү администрация же фонд керек", - деди депутат.

Комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын жакшыртуу", "Нарын шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын жакшыртуу" (2-фаза), "Исфана шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын жакшыртуу" долбоорлорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан