Ошто бак кыйган кишини дарак басып калып, ал каза болду

Ош шаарында өзү кыйган дарактын алдында калган киши каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ош шаарындагы Амир-Темир конушунда 3-май күнү кечке маал болгон.

"Каза болгон 35 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, жабырланган жаран ошол замат каза болгонун аныкташкан. Ал өз үйүндөгү бактарды кыйып жаткан. Бул окуя кокусунан болгон", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан