Жол азабы, көр азабы. Ала-Тоо-2 жана Ак Ордо-3 конуштарынын жолу жаман болгондуктан, маршруттук таксилер каттабай жатышат. Эл өзү жол курууга акча чогултууда

Бишкектин четиндеги Ак Ордо-3, Ала-Тоо-2 конуштарына маршруттук каттамдагы кичи автобустар каттоосун токтоткон. Себеби жол жаман. 2 күндөн бери маршруттук каттамдар ишин токтотуп, балдар бала бакча, мектепке, эл жумушка бара албай калды. Мындай маалыматты аталган конуштардын тургундары билдирди. Бул конуштарга №173, №254, №231 номерлүү маршруттук кичи автобустар каттачу.

"Биз жашаган конуштарга каттаган кичи автобустар поезд жолго чейин келип эле токтоп калып жатышат. Конушту аралагандары чанда эле. Кечээ жана андан мурунку күнү каттам такыр эле токтоп, бирөө да келбей калган. Мектепке барчу окуучулар бар, элдин көбүнүн иштеген иши, жумуштары Бишкекте. Борбор калаа менен жакын туруп байланышыбыз үзүлүп калды. Бул маселе боюнча мэрияга кайрылсак, каттоодо эмес, мыйзамсыз отурукташкансыңар деген мааниде жооп берип коюшуптур.

Биз каралбай калган конушпуз. Буга чейин электр жарыгы да жок болчу. Эл өзү акча чогултуп, электр энергиясын тарттырып киргенбиз. Кийинки маселе - суу маселеси. Учурда суу чыгартып алалы деп акча чогултуп жаткан чагыбыз болчу. Эми минтип жол маселеси чыгып жатат. Бийликке үмүт деле артпай калганбыз. Ошол себептен жолго шагыл төктүрүп асфальт кылып алалы деп ар бир түтүн 500 сомдон чогултуп жатабыз", - деди Ала-Тоо-2 конушунун тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан