“Президенттин уран боюнча билдирүүсү кечикти деп ойлобойм” дейт саясат таануучу Сейтек Качкынбаев

Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.

4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.

SUPER.KG порталынын "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев төмөнкүдөй жооп берди.

"Президенттин уран боюнча билдирүүсү кечикти деп ойлобойм. Парламент токтом кабыл алгандан кийин президент да аны бышыктап берди. Менин оюмча, нормалдуу эле болду",- деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан