Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.
4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын пикиринде, коомдогу резонанстуу окуяларга президенттин өз учурунда пикирин айтпагандыгы, калк арасында президент элге каршыбы деген сөздүн тарашына себеп болууда.
"Негизи президент резонанстуу маселелерге дароо жооп кылып, өзүнүн позициясын, пикирин айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүү таратышы керек. Антпесе президент эмнеге өз пикирин айтпайт, элге каршыбы деген коомчулуктун суроосу жаралып жатат. Мисалы, саясий туткундарга көңүл буруп, оюн билдирген эмес, ал эми уран боюнча да өз учурунда пикирин айткан жок деп айта алам. Менимче мындай нерселерге президент дароо жооп айтып турушу керек", - деди Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.