Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.
4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.
SUPER.KG порталынын "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, уран маселеси президент чече турган маселе эмес.
"Уран өкмөттүн карамагындагы маселе. Президент чече турган 2 эле түз маселе бар: сот системин жана күч органдарын реформалоо. Учурда бул 2 багытта тең жыйынтык жок, коррупцияга малынган бойдон турат. Президент ар нерсеге кирише бербей, өзүнүн милдеттерин аткарса жакшы болмок", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.