Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.
4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.
SUPER.KG порталынын "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков уран маселеси боюнча билдирүү жасар алдында өтө көп күттү.
“Ал чуу чыкканда дароо билдирүү жасашы керек эле. Тиешелүү мекемелерден маалыматты сурап, мыйзамды карап, билдирүү жасаса болмок. Бирок ал күтүп жатты. Шамал каякка үйлөп жатканын жана коомдун маанайын байкап, саясий упай жоготорун түшүнгөндөн кийин гана үн катты”, - деди Токтакунов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.