Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.
4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, азыркы Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары чектелип калган.
“Ошондуктан президент бул жерден өзүнүн демилгеси менен кайсы бир иштерди аткарганга Конституция жол бербейт. Ал өзүнүн ойлорун, пикирлерин билдириши мүмкүн. Парламенттик башкаруу мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктун баары өкмөттө. Президенттин эч убакта өкмөттүн ишине киришкенге укугу жок, ал уран кенин казуу боюнча элдин пикирин карап көрүп, өзүнүн оюн билдирди. Кендин казылбашына президенттин көзү жетти. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков уран кени боюнча оюн айтпаса деле, уран казылбай турганы баарыбызга белгилүү болчу”, - дейт Келдибаев.