"Президент конституциялык реформа жүргүзүүдө кечеңдеп жатат" дейт коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев

Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.

4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев өлкөдө 3 чоң маселе турат, президент аларды чечпегендиктен башка иштер да кечеңдөөдө деген пикирин айтты.

"Президент өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат" деп айтты. Бул көпчүлүктүн басымы менен болгон иш. Коомдун өнүгүшүнө, республиканын алдыга жылышына чоң тоскоол болуп жаткан 3 көйгөй бар. Биринчиси - бул коррупция. Коррупцияга каршы күрөшүүдө президент коррупционерлердин өздөрүнө таянып жатат. Анткени алар сотто, прокуратурада жана укук коргоо органдарында отурушат. Элден жардам болбой жатат. Элдин талаптары, көрсөткөндөрү, мен жогоруда айткандай адамдар отурганына байланыштуу толук кандуу бийликке жетпей жатат. Эл менен бийлик биригип иш алып барып жатат деген ойдон алысмын.

Экинчи көйгөй, өкмөт өзүнүн саясий экономикалык программасы менен келген жок. Даяр программалары менен келип иштесе болот эле да. Алардын ичинде көп адамдар үйрөнүп кетебиз деп жүрүшөт. Башкаруу системине даярдыгы жок адам келип, үйрөнүп кетет деп айтканы туура эмес.

Үчүнчүсү - эң негизгиси бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасын мамлекет катары, Кыргыз элин эл катары жок кылып жибергенге багытталган, батыштан таңууланган либералдык демократияга таянган азыркы Конституциябыз. Демек, бул коомдук-саясий систем. Тез аранын ичинде ушул коомдук-саясий системдин кайсы жеринде кемчиликтери бар, аны кантип жоюу керектигин карай турган атайын мамлекеттик конституциялык реформа жүргүзө турган комиссия түзүү керек. Ошондо элде кандайдыр бир деңгээлде ишеним пайда болот эле. Бул 3 чоң маселеден улам башка иштери кечигип жатат. Президент эң башкысы конституциялык реформа жүргүзүүдө кечеңдөөдө", - дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан