"Кыргыз өлкөсүндө урандын ири кени жок, майда жана эки орточо көлөмдөгүсү бар" дейт комитеттин төрагасынын орун басары

“Кыргыз өлкөсүндө урандын ири кени жок, майда жана эки орточо көлөмдөгүсү бар”, - деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештеги коомдук талкууда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, эки орточо көлөмдөгү уран кени Кызыл-Омполдо жана Сары-Жазда. “Уранды чалгындап, казып, иштетүүгө жалпы 8 лицензия чалгындоого жана издөөгө гана берилген. 4 лицензия иш жүргүзүүгө берилсе, калганы долбоорлоого берилген. Сары-Жаздагы Бүркүт уран кенин чалгындоо боюнча лицензия 2007-жылы берилген. "Миа" компаниясына таандык, негиздөөчүсү - Кыргыз өлкөсүндөгү ишкерлер. Алар бул аралыкта 1 миллион 65 миң сом салык төлөшкөн. Камышановка аймагындагы уран кенин чалгындоону америкалык "Интернешнл майнинг компани" алган. 900 тонна уран бардыгы чалгындоодо аныкталган. Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензияны "ЮрАзия" ишканасы алган. Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 8 миң тонна торий бар экенин аныктаган. Негиздөөчүлөрү канадалык жана кыргыз ишкерлер . Арам-Суудагы уран кенин долбоорлоого гана лицензия берилген. Бул жана Отор уран кенин да долбоорлоого "Минерал эксплорер" ЖЧКсы уруксат алган”, - дейт ал.

Учурда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан