Өлкөгө грант деп берилген акчанын көбү чет элдик консультанттардын айлыктарына кетүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.
Ал Кыргыз өлкөсүнө бөлүнгөн гранттар боюнча долбоорлордогу иштеген чет элдик консультанттардын айлыгына кызыкты.
Буга "Азия өнүгүү банкынын" инвестициялар менен иштөө бөлүмүнүн адиси: "Шарт боюнча мындай инвестициялык долбоорлордо 4төй чет элдик консультант иш алып барат. Азыркы учурда чет элдик консультанттар 20 миң доллар өлчөмүндө айлык алат", - деп жооп берди.
Депутат буга нааразы болду. "Андай болсо грант деп берилген акчанын 90 пайызын кайра эле өздөрү алып кетип жатпайбы? Айлыкка эле 4,5 миллион доллар кетет экен. Мамлекетке бекер акча берилип жатат, анан кайра эле ал сумманын 90 пайызын өздөрү алып жатат, демек, бизге пайдасы жок экен да. "Мына, силерге грант берип жатабыз" деп туруп, кайра 20 миң доллардан айлык алып жатат. Бул туура эмес, муну кайра карап чыгуу керек", - деди Нурбаев.
Буга адис "артка кайтарууга болбойт, себеби бул жылга өкмөт кол коюп берген. Чечимди өзгөртө албайбыз" деген жооп кайтарды.
Депутат бул жагдай боюнча өкмөткө тапшырма берилиши керектигин баса белгиледи.