Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирмекчи болгон кыз куткарылды (видео)

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарындагы Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 9 кабаттуу үйдүн биринин терезесинен секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова билдирди.

Маалыматка ылайык, өзүнүн жанын кыймакчы болгон кыз 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Куткаруучулар келгенге чейин аны окуянын күбөлөрү 5-кабаттан шейшеп ыргытып куткарууга аракет кылышкан.

"102" кызматына билдирүү саат 11:05те келип түшкөн. Куткаруучу топ саат 11:17де окуя болгон жерге жетип, үйдүн чатырынан аркан менен түшүп кызды куткарып калышкан. Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган кыз окуя болгон жерге келген "Тез жардам" жана милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дейт Шерипова.

Ал эми "Тез жардам" кызматы кыз эч кандай жаракат албаганын билдирип, ал эмне себептен секирүүгө аракет кылганын милиция кызматы тактап жатканын кошумчалады.

Бишкектин тургуну 4-кабаттан секирип жанын кыйганга аракет кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shef87
2019-05-07 13:29:48
Эмнеле баарын каскадер болуп секиргинер келип коркутуп баштадынар
+2
nurka_85
2019-05-07 15:48:56
Олгусу келсе шарт эле секирбейби, келесоого окшоп куткаруучуларды кутуп отурбай, ХХХХ десе. Олсон бироо кошо олмок беле, олдун, жоксун, бутту...
+4
arena2014
2019-05-07 17:34:36
nurka_85,)))
+1
kanybek1986
2019-05-07 16:03:27
Чын күнүнө бирден секирип жатабы Бишкек те жалган айтпасам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан