Биринчи вице-премьер өкмөт уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште коомдук талкуудан билдирди.

"Өкмөт Кыргыз өлкөсүнүн аймагында геологиялык-изилдөө, чалгындоо иштерине жана уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун толугу менен колдоого алат. 22-апрелде өкмөт башчы өзүнүн позициясын билдирди. Ошону эле 2-майда парламент отурумунда да кайталадык. Азыркы өкмөт уран кени боюнча бир дагы лицензия берген эмес", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан