"Алмазбек Атамбаевдин Юстиция министрлигинин үстүнөн жазган арызы 17 күндөн кийин катталды" дейт КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн жазылган арызы 17 күндөн кийин катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасын, маалыматтарын өзгөрткөнү үчүн Юстиция министрлигинин үстүнөн жазган арызын Башкы прокуратурага 18-апрель күнү жөнөткөн.

"Юстиция министрлиги мекеменин юридикалык жактарындагы электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөрдү киргизгендиги боюнча жазылган арыз 17 күндөн кийин гана катталып жатат. Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бүгүн саат 12:21де катталган. Мыйзамга ылайык, арыз 24 сааттын ичинде катталышы керек болчу, 17 күндөн кийин катталганы шек жаратууда. Арыз "документтерди алмаштыруу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен катталды", - дейт Турдукулов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Буга чейин маалымдалгандай, Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. "Партиянын негиздөөчүсү" деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна "Физикалык жакка алмаштыргыла 1" деп турат. Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн.

Буга нааразы болгон КСДПнын, саясий кеңешинин мүчөлөрү аталган министрликтин алдында 22-апрелде акция өткөрүшкөн. "Адилетсиз министрлик" деп аталган акциянын жүрүшүндө партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү мекеменин ичине кирип, министр менен жолугушкан. Андан кийин алар партиянын маалыматын кайра өзгөртүү үчүн бардык керектүү документтерди тапшыра тургандыгын жана ал 7 күндүн ичинде караларын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан