Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
"Менин атым Нурбол, 15 жашка чыктым. Ичимде айтып бүткүс арман бар. Апам үчүн азап чегип, элден, курдаштарымдан уялып келем. Асынып же уу ичип өлгүм келет, бирок атамды жана күйөөгө тийген 2 эжемди аяйм. Дүйнөдө эң жек көргөн адамым – апам. Себеби менин апам – кадимки эле жийиркеничтүү сойку. Атамдын көзүнө чөп салып, көп жылдан бери ойноштук менен акча табат. Бул тууралуу атам эч нерсе билбейт. Себеби ал өзү таза, өтө түз жүргөн адам. Эч кимге жамандыгы жок, анан да апама абдан ишенет.
Эсимде, мен анда кичинекей элем. Бир күнү апам мени сейил бакка жетелеп барды. Ал жактан бизди бир чоочун байке машинасы менен тосуп алды. Биз сейил бакта эс алып жүргөндө тиги байке мага түрдүү оюнчук, балмуздак сатып берди. "Бул ким?" деген суроомо апам "эч кимге айтпа, атаңа дагы. Болбосо экинчи ээрчитпей коём" деп жооп берди. Тиги байкенин машинасы менен үйгө кайттык. Жолдо уктап калыптырмын, күшүлдөп-бышылдаган үндөрдөн чочуп ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам, ал киши менен апам дырдай жылаңач, бири-бирине жабышып алышыптыр. Аларды нес болуп тиктеп туруп калдым да, анан катуу кыйкырып ыйлап жибердим. Чоочун байке шашыла кийинип, машинасын караңгы бактын арасынан айдап чыкты. Анан бизди үйгө жеткирип койду да, апамдын колуна акча карматып, машинасын зуулдатып айдаган бойдон кетип калды..."
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.