Бүгүн, 7-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда орун алган Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча өтүп жаткан турнирдин Жогорку Лигасында "Ынтымак" командасы "Сары-Өзөн Рассвет" командасын 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн эле тизгинди өз колуна алган "Ынтымак" командасынын оюнчулары атаандаштарына эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Жыйынтыгында таластык оюнчулар тай казанга 8 улак таштап, жеңүүчү аталышты.
"Ынтымак" - "Сары-Өзөн Рассвет" - 8:0 (4:0; 3:0; 1:0)
Нуржан Мелисбек уулу (1:0)
Астаркул Табышев (2:0)
Адилет Талант уулу (3:0)
Адилет Талант уулу (4:0)
Сейитбек Анарбек уулу (5:0)
Нуржан Мелисбек уулу (6:0)
Сейитбек Анарбек уулу (7:0)
Адилет Талант уулу (8:0)
Финалда "Ынтымак" командасы "Достук" - "Сары-Өзөн" жубунан жеңүүчү аталган команда менен кез келет. "Ынмактын" ат жалында шамалга ойногон чебер оюнчулары жана алардын күлүктөрү менен кененирээк таанышкыңыз келсе бул жерди басыңыз.