Депутат Искандер Гайпкулов компанияларды туумдарды төлөөдөн бошотууда коррупциялык схема бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Социалдык фонд жетишерлик иш алып барбай жатканын айтты. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, жол эрежесин бузгандардын 50 пайызы айып пулдарды төлөптүр. Эч кандай орган аралашпай, жарандар айып пулду өздөрү чуркап барып төлөп жатат. Эмнеге Социалдык фондго эч ким туумдарды төлөбөй жатат? Өзүңөр төлөбөгөнгө шарт түзүп берип жатасыңар. Туумдар, айып пулдарды төлөөтүү боюнча жакшы иш жүргүзбөй жатат", - дейт депутат.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун максаты - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу болуп саналат.