Кыргыз өлкөсүндөгү абактарда жалпысынан 3 миңден ашык жаран орозо кармап жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, орозо кармагандардын арасында соттолгондор, иши тергөөдө жүрүп жаткан шектүүлөр бар.
"Бишкек шаарындагы СИЗО-1де 550 адам, Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында 400 соттолуучу орозо кармады. Азыркы тапта 8 миңден ашык адам камакта отурат", - деп билдирет аталган кызмат.