Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген соболуна УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, абакта отурган ар бир адам өз укуктарын билиши керек.
“Суталинов абакта отуруп айыкпас ооруга кабылды. Бул киши сотто элден кечирим сурады. Оор абалдагы адамды ден соолугуна байланыштуу түрмөдө кармай берген ыймандыкка жатпайт. Учурда Орозо убагы болуп жатат, соттун чечими ушуга байланыштуу болду.
Эгер абакта ушундай абалда жаткан адамдар болсо, бизде Акыкайтчы институту бар, ошого кайрылса болот. Бул мекеме арызды карап туруп, сотко кайрылышы зарыл. Адам укуктары боюнча бейөкмөт уюмдар кошулуп жардам берип жатат. Суталиновду бошотуу иши көп убакыттан бери созулуп келе жатат. Анын дарты боюнча экспертизалар жүрүп, көпчүлүктүн чечими менен натыйжалар сотко келди. Ошолорго таянып, сот Суталиновду бошотуу чечимин кабыл алды”, - деди Мамытканов.
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, юрист Таалайгүл Токтакунова, укук коргоочу Динара Ошурахунова, журналист Сыргак Абдылдаев, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Амантур Жамгырчиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.