Укук коргоочу Динара Ошурахунова: “Эртең мамлекет башкаларды да Суталиновдой бошотууга даяр болобу? Кеп ушунда”

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

SUPER.KG порталынын "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген соболуна Укук коргоочу Динара Ошурахунова төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, Мурат Суталиновду бошотуу гумандуу чечим болду.

“Сот гумандуу болуш керек. Өлкөбүздө көп жылдар бою жазаларды гумандаштыруу процесси жүрүп жатат. Ошол эле учурда гумандуу чечимдер тандалган адамдарга гана болбошу зарыл. Эртең Суталиновдукундай диагнозу бар абактагы адамдар кайрылса, мамлекет аларды бошото алабы? Кеп ушунда. Эгер ошондой кыла алса, анда адилеттүү болот”, - деди Ошурахунова.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, юрист Таалайгүл Токтакунова, журналист Сыргак Абдылдаев, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Амантур Жамгырчиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан