Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген соболуна Жарандык активист Тимур Саралаев төмөнкүдөй жооп берди.
Анын пикиринде, Мурат Суталинов жазасын толугу менен тартты.
“Курманбек Бакиевдин маалында УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновду ден-соолугунун оор абалына байланыштуу боштондукка чыгарышканын бийликтин айкөлдүгү деп эсептейм. Суталинов толугу менен жазасын тартты, керек болсо ден соолугунан ажырап калды”, - деди Саралаев.
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, юрист Таалайгүл Токтакунова, укук коргоочу Динара Ошурахунова, журналист Сыргак Абдылдаев, жарандык активист Амантур Жамгырчиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.