Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген собол салды. Бул суроого "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев жооп берип, Мурат Суталиновго берилген жаза кийинки бийлик башындагыларга дагы сабак болуш керек деген пикирин айтты.
"Акыркы убакта көптөгөн адамдар, коомчулук Суталиновду колдоп кетти. Бул резонанстуу окуя болду. Ошол эле учурда бизге кайрылгандар болуп жатты, анын арасында юристтер да кайрылып, ооруп жаткан адамга ырайым кылуу керек деген өтүнүчтөрүн айтышты. Биз ооруп жатам деген адамды улам түртмөлөй алган жокпуз. Эгер ушунчалык ооруп жатса, гумандуу болобуз деп жатышса, юридикалык жактан туура болсо чыксын, бирок жабырлануучулардын, кыргыз элинин алдында кечирим сурасын дегенбиз. Моралдык жактан күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурашын айтканбыз. Бүгүн боштондукка чыгып, кечирим сурады. Өзүнүн күнөөсүн элдин жана жабырлануучулардын алдында толук моюнуна алып, кечирим сураганы жакшы. Ал өзүнө тиешелүү жазаны толугу менен тартты деп ойлойбуз. Суталиновдукундай жаза кийинки бийлик башындагыларга дагы сабак болуш керек", - дейт Жамгырчиев.
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, юрист Таалайгүл Токтакунова, укук коргоочу Динара Ошурахунова, журналист Сыргак Абдылдаев, жарандык активист Тимур Саралаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.