Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.
Юрист Таалайгүл Токтакунова Мурат Суталиновдун боштондукка чыгышы мыйзам чегинде болду деген пикирде.
“Баары мыйзам чегинде болду, мындай мүмкүнчүлүк мыйзамда каралган. Анда соттолгон адам ден соолугуна байланыштуу жаза өтөөчү мекемеде калууга болбой турган болсо, өтөп жаткан мөөнөтүнөн мурда чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ар бир жагдай, окуя боюнча дарыгерлер жана сот дыкаттык менен карап чыгат. Мурат Суталинов гана эмес, мисалы, учурда жаза өтөөчү мекемелерде ушул сыяктуу оор илдетке кабылган соттолуучулар да жактоочулары аркылуу сотко кайрылууга укуктуу”, - дейт Токтакунова.
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, журналист Сыргак Абдылдаев, жарандык активист Тимур Саралаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.