8-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алкагында "Ливерпуль" менен "Барселона" командалары беттешти.
"Ливерпуль" командасы оюндун 7-мүнөтүндө Жорди Альбанын катасын пайдалануу менен эсепти ачты. Дивок Ориги гол киргизип, эсепти 1:0 кылды.
54-мүнөттө Альба дагы ката кетирип, Жорджиньо Вейналдум гол киргизип, эсеп 2:0 болду. Вай Дейк Мессиден топту тартып алып, "Ливерпуль" өзүнүн чабуулун баштаган. Анда Вейналдум экинчи голун киргизип, эсепти 3:0 кылды. Оюндун 79-мүнөтүндө "Ливерпуль" бурчтан чыгаруу жасап, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен "Ливерпуль" жалпы 4:3 эсебинде Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты. Ал эми кызылдардын атаандашы 8-майдан 9-майга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 1:00дө "Аякс" - "Тоттенхэм" беттешинен кийин аныкталмакчы.
Буга чейин "Тоттенхэм" "Аяксты" өз талаасында кабыл алып 1:0 эсебинде жеңилип калган.