"Мурат Суталинов Бакиевдердин тапшырмасы менен киши колдуу өлтүрүлгөндөр жана 2010-жылы ким элге ок чыгарганы боюнча көп нерсе билет" дейт журналист Сыргак Абдылдаев

7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Бул суроого журналист Сыргак Абдылдаев жооп берип, Мурат Суталиновдун бошотулушу боюнча анда эки түрдүү пикир бар экенин айтты.

"Биринчиден, гумандуулук жактан караганда, соттун чечими менен макулмун. Суталиновдукундай илдет менен көп жашаш мүмкүн эмес. Турмуш аны өзү жазалады, ошондуктан аны түрмөдө кармоонун зарылчылыгы жок. Бирок мен азыркы президентти түшүнбөй жатам: өлүмгө алып келгидей илдет менен ооруган адамды абакта кармаганга канчалык катаал өлкө башчы болуш керек? Нюрнберг процессинен кийин оорукчан нацисттик кылмышкерлерге да мынчалык ырайымсыз мамиле болгон эмес.

Ачык айтканда, бүгүн Мурат Суталинов мен 2009-жылы болгон абалга түштү – өлүм менен жашоонун ортосундагы абалга. Мен го аман калдым. Ал эми Суталинов ден соолугун чыңдап, аман калабы – чоң суроо. Ал башка бирөөлөрдүн күнөөлөрү үчүн жооптуу болуп калды. Эми ал өмүр бою мага окшоп дарыканага “иштейт”. Менин сөөктөрүмдүн сынганы анын рак илдетине жана жакындап жаткан өлүмдү сезгенине караганда оңой эле нерсе. Өлүмдүн жакындап жатканын сезүү кандай экенин мен да жакшы билем.
Суталинов Бакиевдердин кылмыштуу буйруктарын аткарган команданын мүчөсү болсо да, мен ага батыраак айыгып кетүүнү жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

Экинчиден, Суталиновдун ордунда түрмөдө башка адамдар отуруш керек эле. Тагыраагы, Бакиевдердин тушунда бардык саясий, экономикалык кылмыштарды жасаган жана 2010-жылдагы апрелде адамдарды аткылоого жооптуу УКМК менен ИИМдин жогорку кызматтагы жетекчилери абакта отурушу керек болчу. Анткени Суталиновдун күнөөсү тергөөдө да, сотто да толук аныкталган жок да. Мындан тышкары, Суталинов тапшырма менен өлтүрүүлөр жана 2010-жылы ким элге ок чыгарганы боюнча көп билет: ким снайпер болгон, аларды ким алып келген деген сырларды. Бирок ал айтпай жатат жана айтпайт дагы. Ага карабай жакында баары ачыкка чыгат деп ойлойм”, - деди Абдылдаев.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Тимур Саралаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан