Жогорку Кеӊеште мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында, 2019-2012-жылдар аралыгында электрондук тамеки менен курамында никотин камтылган суюктуктарга акциздик алымдарды киргизүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Азамат Арапбаевдин айтымында, өлкө аймагында электрондук тамеки менен курамында никотин камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйгөн. Мындан улам мындай заттарга акциз киргизүү зарылдыгы бар.
"Андан көрө электрондук тамекини көбөйтүү керек, анын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны аз. Тилекке каршы, Салык кызматында да, Бажы кызматында да өлкө аймагына ташылып кирген электрондук тамеки менен курамында никотин камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат жок", - деди депутат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, акциздик алым 2019-жылдын июль айынан тарта киргизилүүгө тийиш.