Ветеринардык инспекциянын башчысы жылына 25 миң жолбун ит атыла турганын айтты

Жылына 25 миң жолбун ит атылат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов билдирди.

Депутат Бакирдин Субанбеков көчөдө жүргөн мышык, иттер көбөйгөнүн айтты. "Алар ар кандай оору жана инфекцияны таратууда. Сиз буга жергиликтүү бийлик жооп берет деп жатасыз, бирок алар менен биргеликте иш жүргүзүү керек. Балдарга ит кол салган учурлар да жок эмес. Бул жаатта кандай иштер аткарылууда?" - деп сурады Субанбеков.

Калысбек Жумакановдун айтымында, ветеринарлар үчүн иттин ээси болгону жакшы. "Ветеринар жолбун иттерди кармай албайт. Биздин маалыматыбызга ылайык, жылына 22-25 миң ит атылат. Атылган иттер боюнча көп терс ойлор да айтылат. Жакында жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоорун киргизебиз, анда жолбун иттерге кам көрүү боюнча да маселе каралган", - деди.

Депутат Ирина Карамушкина жылына 25 миң жолбун ит атылып жатканы жаман экенин айтты. "Бул маселени гумандуу жол менен чечүүгө болбойбу? Башка жолдор менен да чечүүгө болот", - деди Карамушкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-05-08 13:23:17
Ирина уйуно алып барып багып ал анда Гумандуу болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан