Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңеште депутат Аида Исмаилова Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дыйкандар менен иш алып барбай жатканы үчүн сындады.
"Дыйкандар тармактык мекеменин кызматкерлери тарабынан эч кандай кеңешмелер өткөрүлбөгөндүгүн айтып кайрылып жатышат. Алар эмнени өстүрүштү, кайсы продукция экспортко кете тургандыгы боюнча эч кандай маалыматы жок. Мындан сырткары айыл чарба продукцияларынын бааларынын саясаты жок", - деди депутат.
Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев сындар жөндүү экенине кошулду.
"Мындай иш-аракеттер көпчүлүк учурда кыш мезгилинде, жазгы талаа айдоо иштеринин алдында жүргүзүлөт", - деген жооп узатты.